Өзбекстанда Мирзиёевди Нобель сыйлыгына көрсөтүү сунушталууда
Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиеёвге Нобелдин тынчтык сыйлыгын берүү демилгеси көтөрүлүүдө. Бир кылымдан ашык тарыхы бар Нобелдин тынчтык сыйлыгы жыл сайын физика, химия, физиология же медицина, адабият, ошондой эле тынчтыкты бекемдөө ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылып келет.
Наманган облустук кеңешинин депутаты, учурда Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясында иштеген Олимжон Тухтаназаров президент Шавкат Мирзиёев бул сыйлыкты алууга бардык тараптан татыктуу деп эсептейт.
«Ал бул сыйлыкка «адабият» номинациясында татыктуу. Анткени президент адабияттын өнүгүшүнө жакшы көңүл бурууда. Ал «тынчтыкты бекемдөө ишмердүүлүгү үчүн» номинациясы боюнча дагы сыйланса болот, азыр Өзбекстанда тынчтык өкүм сүрүүдө. Президент ошондой эле бул сыйлыкты илим тармагы боюнча да оңой эле ала алат. Ал ата мекендик журналистикага көңүл буруп, атайын университет дагы ачты. Жакында швециялыктар өзүлөрү келип, биздин Журтбашыбызга Нобелдин тынчтык сыйлыгын тапшырат деп ойлоп жатам», – деди Тухтаназаров.
Буга чейин Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясы «Менин пикирим» порталы аркылуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге «Өзбекстан баатыры» наамын ыйгарууну сунуштап, бул демилге он миңден ашык адамдын колдоосун тапкан.
Ал ортодо партия жетекчилеринин бири Олимжон Тухтаназаровдун бул сунушун колдой турганын айтты. «27-апрелде биз президентке эң жогорку «Өзбекстан баатыры» наамын ыйгарууну демилгелегенбиз. 24-майга карата ал сунушубузду он миңден ашык киши колдоду. Менимче, президентке бул наамдын берилишин миллиондогон жарандар күтүп жатышат. Материалда менен ысымымды жазбашыңарды өтүнөм. Айрымдар мунун баарын президентке жагыш үчүн айтып жатат деп ойлобосун», — деди ал.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: