19.03.2018 17:36

Өзбекстанда жасалма бал саткандарга айып пул төлөтүшөт

Өзбекстанда жасалма бал саткандарга  айып пул төлөтүшөт

Өзбекстанда Административдик жоопкерчилик боюнча кодекске жаңы берене кошуу сунушталууда. Ага ылайык, бал жана бал азыктарын жасалмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу каралган.  Бул тууралуу Ca-News агенттиги билдирет.

Долбоор боюнча, “жасалмалоо” деп аарынын  табигый балына ар кандай аралашмаларды кошуу, балды башка окшош азыктар менен алмаштырып коюу, азыктын сапатын жана касиеттерин атайылап өзгөртүү, же болбосо туура эмес маалымат берүү аракеттери түшүндүрүлөт.

Жарандарга салынуучу айып пулдун көлөмү 63 доллардан 105 долларга чейин, жыл ичинде  кайра кайталанса, 105 доллардан 210 долларга чейин болмокчу. Мыйзам бузган кызматтык адамдардан 105тен 210 долларга чейин, кайра кайталанса, 210дон 315 долларга чейин айып пул алынат.

Жасалма азыктар конфискацияланат.
Бул жааттагы мыйзам бузууларды кароо ишин административдик сотторго жүктөө сунушталат.