14.05.2018 11:57

Өзбекстандык кыздын 16 миң доллардык жасалгаларын бажычылар алып коюшту

Өзбекстандык кыздын 16 миң доллардык жасалгаларын бажычылар алып коюшту

Россиянын Домодедово  аэропортунда бажычылар Өзбекстандык жүргүнчүдөн дүйнөгө таанымал Cartier фирмасына таандык, наркы 16 миң доллар турган зер буюмдарды  алып коюшту. Бул туурасында Ca-News жазып чыкты. 

24 жаштагы өзбекстандык кыз Россияга Дубайдан учуп келген. Жүргүнчүлөрдү  бажы көзөмөлүнөн өткөрүү маалында “жашыл” коридордон эс алуудан кайткан жүргүнчү  токтотулган. Кыздын колундагы жүктөрдү текшерүү учурунда Cartier фирмасына таандык  асем жасалгалар: шакек, билерик жана сөйкө табылган. Кыз бул жасалганын баарын ага эс алууда жүргөндө жигити белек кылганын айткан.

Анын айтымында, зер буюмдардын так наркы канча экенин билбейт жана жасалгаларга документи да жок болгон. "Бажы эксперттери жасалга 750 пробадагы ак алтындан жасалып, бриллиант менен кооздолгонун аныкташты.  Зер буюмдардын наркы ички рынокто 1 млн. 71 миң рублду түзгөн (16 миң доллардан ашык). Жасалга алынып коюлду. Кызга  Россия мыйзамдары боюнча “Товарды айкындабоо же туура эмес айкындоо” беренеси менен ири өлчөмдө айып пул салынат", -деп жазылат маалыматта.