13.03.2018 12:58
Өзгөндө 14 адам кышкы салатка ууланып, ооруканага түштү
Уулануу фактысы (1 материал)
Ош областынын Өзгөн шаарында тамак-аштан уулануу фактысы катталды. Бул тууралуу Оорулардын
алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Жабыркагандардын саны 14 адам, алардын төртөө жаш балдар. Уулангандар 11-мартта консервацияланган жашылча салатын жешкен. 12-мартта медициналык жардам сурап 9 адам кайрылса, бүгүн, 13-мартта дагы 5 адам Өзгөн шаарынын аймактык ооруканасына жаткырылган.
Алардын үчөө оор абалда, бири- реанимация бөлүмүндө. Учурда керектүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. Баарына ботулизмге каршы дары сайылды. Лабораториялык изилдөө жүргүзүүгө үлгү алынып, эпидемиологиялык иликтөө уланат.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: