21.04.2020 14:36

Өкмөт калктын аяр катмарын колдоого 122 миллион сом бөлөт

Өкмөт калктын аяр катмарын колдоого 122 миллион сом бөлөт

Өлкдөгү аз камсыз болгон жарандарды колдоого алуу жана аларга даректүү көмөк көрсөтүү боюнча тутумдуу иш жүрүүдө. Калктын аяр катмарын колдоого алуу үчүн 122 миллион сом бөлүнүп жатат. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында белгилүү болду.  

«Калктын социалдык жактан аз камсыздалган катмарына колдоо көрсөтүү боюнча иш ыкчам жүргүзүлүп, ар бир муктаж үй-бүлө жардамсыз калбашы керек. Жакын арада чыккан Өкмөттүн чечими менен 122 миллион сом калктын аяр катмарын колдоого алуу үчүн бөлүнүүдө. Бир үй-бүлөгө 800 сомдук азык-түлүк топтому даярдалат. Учурда аларды жеткирүү маселеси каралууда. Мындан тышкары, учурда мекенине кайта албай жаткан чет өлкөдөгү мекендештерди колдоого алуу, алардын жашоосу үчүн убактылуу шарттарды түзүү, тамак-аш менен камсыздоо максатында Кыргызстандын Бириккен Араб Эмиратындагы элчилигине – 5 миллион сом, ал эми Россия Федерациясындагы биздин элчиликке 10 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат жашоосунан жана тамак-аштан кыйналып турган кыргызстандыктарга жардам берүүгө багытталды. Биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөр мекендештер туш болгон маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеп жатат», - деди биринчи вице-премьер-министр.

 

Ошондой эле жыйында тийиштүү кызматтар өз өмүрүн кыюу жана үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу жаатындагы иштерге көңүл бурушу керектиги тапшырылды.