31.03.2020 13:45

Өкмөттүн интернет төлөмдөрүнүн мөөнөтүн жылдыруу сунушун операторлор кандай кабыл алды?

Өкмөттүн интернет төлөмдөрүнүн мөөнөтүн жылдыруу сунушун операторлор кандай кабыл алды?

Бүгүн, 31-мартта Өкмөт тиешелүү мекемелерди свет, суу, газ жана интернетти өчүрбөөгө үндөдү. Анын ичинде Кыргызстандагы интернет-операторлоруна кардарлары үчүн кызмат акы мөөнөтүн 3 айга  жылдыруу сунушун берди.

 Акы төлөө мөөнөтү бүгүн аяктаганына байланыштуу “Апрелдин” кабарчысы мекеме өкүлдөрү менен байланышып, министрлер кабинетинин башчысынын сунушу тууралуу интернет-операторлордун пикирин чогултту.

Алдын ала эскерте кете турган жагдай, азырынча жалгыз Skynet интернетке кызмат акы мөөнөтүн жылдырууга макул. Ал эми Megaline: “Апрелдин” үч кызматкери оператор менен байланышууга аракет кылып майнап чыккан жок .

Эске салсак, бүгүн, 31-мартта жаңы учурлар Ысык-Көл облусунда дагы катталган. Бардыгы болуп илдетти жуктургандардын саны 107 кишиге жетти.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.