Өкмөттүн кадр саясаты: Мамкаттоонун төрагалыгына 34 жаштагы Акын Мамбеталиев дайындалды

Өкмөттүн кадр саясаты: Мамкаттоонун төрагалыгына 34 жаштагы Акын Мамбеталиев дайындалды

Акын Мамбеталиев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Буйрукка өкмөт башчысы кол койду.

Мамбеталиев буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары болуп иштеген. Ал 34 жашта. 

Мамкаттоонун буга чейинки жетекчиси Алмаз Мамбетов 13-февралда кызматынан бошотулган.