17.12.2019 10:00

Өмүрбек Бабанов «Республика» саясий партиясынан кол үзөбү?

Өмүрбек Бабанов «Республика» саясий партиясынан кол үзөбү?

Бишкекте ушул жумада «Республика» партиясыны съезди өтөт. Күн тартибинде Өмүрбек Бабановдун партиядан кетүүсү тууралуу маселе козголушу ыктымал. Бул тууралуу 24.kg агенттиги кабарлайт.

Жеке булак билдиргендей, күндүн темасында жаңы лидерди тандоо жана парламенттик шайлоого «Ата-Журтсуз» «Республика» партиясы жалгыз бара турганы тууралуу маселе каралат.

«Өмүрбек Бабанов төрагалык кызматтан кетүү тууралуу билдирүү жасашы ыктымал, анын ордуна жаңы башчы дайындалат. Бул орунга эки депутат- Мирлан Жээнчороев жана Кенжебек Бокоев талапкер болушууда», — деп билдиришти партиядан.

Эске салсак, «Ата-Журт» партиясы 2020-жылы шайлоого өз алдынча катыша турганын билдирген.