20.12.2019 13:16

Өмүрбек Бабанов "Республика" саясий партиясынын төрагалыгынан кол үздү

Өмүрбек Бабанов "Республика" саясий партиясынын төрагалыгынан кол үздү

Саясатчы Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясынын төрагалыгынан өз ыктыяры менен кетти. Бүл тууралуу бүгүн, 20-декабрда саясий бирикменин кеңешинде белгилүү болду.

Өмүрбек Бабановдун ордуна Мирлан Жээнчороев келгенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда күн тартибинде эки суроо каралган:

  1. Саясий кеңештин курамын өзгөртүү;
  2. Лидерин тандоо

Партиянын төрагалыгына үч талапкер аттанган: Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев жана Кенжебек Бокоев.

Мындан сырткары, 2020-жылда боло турчу парламенттик шайлоого республикачылар “Ата-Журт” партиясы жок аттанышаары маалым болду. Эки партия 2015-жылы Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиевдин келишими менен түзүлгөн.

Күн тартибине коблган маселелер чечилген соң, Өмүрбек Бабанов өз пикири менен бөлүшкөн:

 «Мен саясий ишмердүүлүгүмдү токтотуп жатам. Жаш муунга желек карматканга убакыт келди. Жаңы лидер катары Мирлан Жээнчороевди көргүм келет. Бир гана партиянын эмес, өлкөнүн келечегине дагы чоң салымын кошо алат деп ишенемин. Реформалар уланат».

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов эки кылмыш иши боюнча суракка алынууда. 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин Россияга чыгып кетип, эки жылдан бери чет жерде жүргөн.

2019-жылдын август айынын башында саясатчы мекенине кайтып келген. Көп өтпөй бир нече киши Бабановдун үстүнөн арыз жазышып, экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамалекеттик кызматка кайрылышкан. Мурунку премьерди каржы палициясы бир нече жолу суракка алган.

Андан соң Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясынын төрагалыгынан кетээри маалым болгон. Өз кезегинде саясатчы жашоодо саясаттан сырткары дагы кызыктуу тармактар бар экенин билдирген.