25.05.2020 09:19

Өзгөчө абал учурунда өткөрмө кагаз берүү фактысы боюнча мэрдин кеңешчисине карата текшерүү башталды

Өзгөчө абал учурунда өткөрмө кагаз берүү фактысы боюнча мэрдин кеңешчисине карата текшерүү башталды

Ички иштер министрлиги өзгөчө абал учурунда коммуналдык кызматтарга жана ыктыярчыларга жолдо жүрүүгө өткөрмө кагаз алып бергенге жардамдашканы үчүн Бишкек мэринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Гуля Алмамбетовадан түшүндүрмө берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өзү билдирген.

Кеңешчинин айтымында, ага милициядан комендатурада иштеп жатканда качан, кимге жана эмне үчүн жолдо жүрүүгө пропустарды бергенине түшүндүрмө берүү талабы менен билдирүү жөнөтүшкөн.  

«Бул абсурд жана жапайычылык! Мен «Түндүкэлектр», батыш РЭС, Бишкексууканал үчүн уруксаат кагаз алганга жардам бергем. Мен түшүндүрмө берем, маселе жок. Өткөрмө кагаздар жардамга муктаждарга азык-түлүктөрдү жеткирген ыктыярчыларга, дарыгерлерди жумушка жеткирип, жумуштан алып кеткендерге берилген. Бир дагы пропуск туура эмес берилген эмес. Эми мага доо коюп жатышат!», — деди ал.

Белгилей кетсек, Гуля Алмамбетова Бишкек мэринин коомдук кеңешчиси болуп иштейт жана маяна албайт. Ошондой эле коомчулукта өзүнүн жарандык позициясы менен таанымал.