14.02.2020 14:27

Ш. Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев камакта дагы эки ай жатат

Ш. Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев камакта дагы эки ай жатат

Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевдин баш коргоо чарасы узартылды. Тиешелүү чечимди Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту чыгарган.

Күн мурун, 13-февралда Сыргак Кенжебаев каммакта 20-апрелге чейин калтырылат деген чечим кабылданган.

Эске салсак, Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевди өткөн жылдын 20-декабрында Алматанын аба майданынан кармап кетишкен. ИИМ жана УКМКнын маалыматы боюнча ал эки кылмыш иши боюнча шектелүүдө.