02.05.2020 12:54

Адвокат: УКМК Атамбаевдин кан басымы боюнча маалыматты жашырып жатат

Адвокат: УКМК Атамбаевдин кан басымы боюнча маалыматты жашырып жатат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин кан басымына жүргүзүлгөн көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча жактоочуларга маалымат бербей жатат. Бул тууралуу “Апрель” редакциясына мурунку мамлекет башчынын жактоочусу Сергей Слесарев маалымдады.

«Экс-президенттин кан басымы бир күндүн ичинде бир нече жолу төмөндөп, кескин түшүп жаткандыгы тууралуу мен жана дагы башка жактоочулар тарабынан билдирүүлөр жасалган болчу», - деп билдирет жактоочу.

Алмазбек Атамбаевдин кан басымына күн сайын жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгын берүүсүн адвокаттар УКМКдан өтүнүшкөн. Бирок андай маалыматты аталган орган жактоочулардын колуна тапшырган эмес.

«УКМКнын убактылуу кармоочу жайында Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна көз салып жаткан медицина кызматкерлерин ушул маселе боюнча билдирүү жасоого чакырат элем. Тагыраагы, экс-президенттин кан басымы кандай жана бир күндүн ичинде ал кандай өзгөрүүдө», - дейт Сергей Слесарев.

Жактоочунун айтымында, мурунку мамлекет башчынын баш коргоо чарасын аныктоодо бул маселе негизги ролду ойнойт. Белгилей кетсек, Атамбаевдин абактагы мөөнөтү 15-майга чейин узартылган болчу.

УКМКнын убактылуу кармоочу жайында Алмазбек Атамбаев 9 айдан бери отурат. Экс-президент эки кылмыш иши боюнча шектелүүдө: кримтөбөл А. Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жана 8-9-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча.

Акыркы жолу сот залына Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча отурумга 29-апрелде катышкан. Бирок соттук процесс айрым адвокаттардын келбей калганына байланыштуу 6-майга жылдырылган.

Эске салсак, буга чейин экс-президент ден соолугуна байланыштуу соттук процесстерге катыша албастыгын билдирген.