13.05.2020 12:47

ЖАМК: Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардан коронавируска анализ алынды

ЖАМК: Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардан коронавируска анализ алынды

№1 убактылуу кармоочу жайдагы айрым айыпталуучулардан коронавируска анализ алынды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

ЖАМКтын басма-сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, СИЗО-1де камакта отургандардан күн мурун, 12-майда ПЧР-анализ алынган.

Алар: Равшан Жээнбеков, Ниязов Фарид, Баабиев Фархат, Сапар Исаков, Карыпбек уулу Рысбек, Осмоналиев Канат, Мискенбаев Мээрбеков жана Сагымбаев Канат.

Баары терс жыйынтыктарга ээ болду”, - деп айтылат маалыматта.
 

Белгилей кетсек, 11-майда Канат Сагымбаевдин жана №1 тергөө абагындагы бир катар айыпталуучулардын ооруп жатканына жана ошондой эле №1 тергөө абагында кызматкерден коронавирус аныкталганына байланыштуу Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы билдирүү тараткан эле. 

Эске салсак, №1 тергөө абагында коронавирус жуктурган боюнча алгачкылардан болуп мамлекеттик органдар эмес, укук коргоочулар айтып чыгышкан. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев №1 тергөө абагынын кызматкерлеринин бирөөнөн алынган тесттен коронавирус аныкталганы тууралуу маалыматты тастыктаган.