20.05.2020 16:43

ЖАМК кызматкерлери коронавирус илдетине чалдыкканын моюндады

ЖАМК кызматкерлери коронавирус илдетине чалдыкканын моюндады

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык кызматы кызматкерлериy жалпы тестирлөөдөн өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

ЖАМКтын маалыматы боюнча, медициналык кызматкерлер тарабынан буга чейин COVID-19 илдетин эрте аныктоо максатында ыкчам текшерүү иши №1 СИЗОдо жана №47, №2, №3, №1, №27 жана №31 мекемелеринде жүргүзүлүп, кызматкерлери текшерилген.

“Натыйжада, №1 СИЗОдон 1 кызматкер пневмания оорусу менен Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында, бир кызматкер COVID-19 илдетинин белгилери менен ЖАМКнын госпиталында дарыланууда. Андан тышкары, №27 мекемесинин эки кызматкери илдетке шектүү экендиги аныкталды. Андыктан, бул кызматкерлер менен байланышкан адамдар жана бардык кызматкерлер, ошондой эле кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрү менен тиешелүү чаралар көрүлдү. Алар менен контакт болгон дагы 2 кызматкердин ПЦР анализи оң чыкты. Учурда аталган 4 кызматкерлерде оорунун белгилери көрүнбөгөн абал болгондуктан, дарыгерлердин көзөмөлүндө, ден-соолугунан даттануу жок”, - деп айтылат маалыматта.

Биринчи катталган 1-СИЗОдогу кызматкер Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы дарыгерлердин көзөмөлүнөн үй шартына чыгарылган. Учурда ден-соолугу канааттандырарлык экенин ЖАМКтын маалымат кызматы кошумчалаган.