15.05.2020 15:25

Кой-Ташта социал-демократтар жолугушуп, бир катар маанилүү чечимдерди чыгарышты

Кой-Ташта социал-демократтар жолугушуп, бир катар маанилүү чечимдерди чыгарышты

Кой-Ташта социал-демократтардын партиялык жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты.

Чогулгандар өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий абалды жана түзүлгөн кырдаалдагы КСДПнын ишин талкуулашты.

Жолугушууда партия мүчөлөрү КСДПнын саясий кеңешинин түзүмө тиешелүү көзөмөл жүргүзүп, ага өзгөртүүлөрдү киргизип, партиянын жетекчилиги боюнча маселени карап чыгууну талап кылышкан.

Ошондой эле координаторлордун бирдиктүү реестрин түзүп, региондордо партия уюмдарынын жергиликтүү башчыларын дайындап, өлкөнүн аймактарында күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу чечими кабыл алынган.

Партиянын ишмердүүлүгүнүн регламентин бир нукка салып, партиянын ишмердүүлүгүнүн нормативдик-укуктук негизин өнүктүрүп, системдештирүү чечими бекитилди.

Ошондой эле жолугушууда 2020-жылы өтө турчу парламенттик шайлоого карата партиянын долбоору көрсөтүлүп, талкууланган.