22.05.2020 09:00

Социал-демократтар балдар ооруканасына материалдык колдоо көрсөтүштү

Социал-демократтар балдар ооруканасына материалдык колдоо көрсөтүштү

Кыргызстандын Социал-демократтары Ивановка айылындагы Республикалык балдар психиатриялык ооруканасына баш багып, медициналык борборго концеляриялык товарларды, балдар оюнчуктарын, үйрөтө турчу оюнчук, памперс, тазалоочу каражаттар, азык-түлүк, жеке коргонуучу каражаттардын 100 даанасын жана башка оокаттарды тапшырып келишти. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев маалымдады.  

«Медициналык борбордун директору Гүлнара Абдиева бизди чын жүрөктөн тосуп алды. Колдоо үчүн бизге ыраазычылыгын билдирип, Республикалык оорукананын жамаатынын атынан ыраазычылык катын тапшырды», - деп билдирет Кадыр Атамбаев.