23.05.2020 13:49

Кыргызстандын социал-демократтары, саясий туткундардын жакындары жана 7-апрелде курман болгондордун туугандары менен Апрель революциясынын баатырларын эскеришти (сүрөт)

Кыргызстандын социал-демократтары, саясий туткундардын жакындары жана 7-апрелде курман болгондордун туугандары менен Апрель революциясынын баатырларын эскеришти (сүрөт)

Бүгүн,23-майда Кыргызстандын социал-демократтары, саясий туткундардын жакындары жана 7-апрелде каза тапкандардын туугандары менен «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып Апрель революциясынын баатырларын эскеришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина билдирди.

Жыл сайын өтө турган иш-чарага чогулган адамдар «мыйзамсыздык менен адилетсиздикке каршы күрөшүп аянтка чыгып» , Апрель революциясында курман болгондорду эскеришти.

«Бул балдар жасаган аракети биздин өлкөдөгү ар бир жарандын эркин болуп, өз өлкөсүнүн мыйзамы жана бийлиги тарабынан корголооруна мүмкүнчүлүк берээрине ишенишкен. Биз алардан кечирим сурадык. Тилекке каршы, биз көптөгөн кишилерге алданып, аларга мамлекетти ишенип коюптурбуз. Алар бизди кайрадан акыйкатсыздыктын туңгуюгуна кептеп жатышат».

           Ирина Карамушкина

Ирина Карамушкина «Апрелге» эмне үчүн Апрель революциясында курман болгондорду азыр эскерүү маанилүү экенин айтып берди:

«Тилекке каршы, 7-апрелде көптөр набыт болду, кийин да көп адам алган жараатынан улам көз жумду. Ошол жаракаттардан азыр дагы көз жумган балдар  бар.

Биз аларды эскерип турушубуз керек. 2010-жылы 7-апрелде башталган күрөш дагы деле уланууда деп эсептейм. Биз кайра жарандар менен бирге адилеттүүлүк, сот акыйкаттыгын талап кылып жатабыз, мыйзам бийлик өкүлдөрү менен жөнөкөй жарандарга бирдей. Бүгүнкү күндө сот, прокуратура, УКМК жана башка органдары тарабынан саясий оппоненттерди жок кылуу үчүн иштеп жаткандай абал болбошу керек. Тилекке каршы мунун баары жанданды».

Ирина Карамушкина Кыргызстан жарандарын Орозо-айт майрамы менен куттуктап, ар бир үйгө тынчтык, өлкөдө мыйзамдуулук орун алуусун каалады.  

Ал эми КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү  Рита Борбукеева «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине дайыма куран окутулуп турарын кошумчалады.

«Мыктынын мыктылары ушул  «Ата-Бейитте» жатат. Кийинки муун келип куран түшүрүп турганга шарттар түзүлгөн. Алмазбек Атамбаевдин убагында Апрель революциясынын, 1937-жылдын сталиндик репрессияларынын жана Үркүн курмандарынын баарына бир жерден ызаат кыла турган жай оңдолуп-түзөлгөн. Жыйынтыктап айтканда ушул жайды, ушул жерди ыйык сактап, кийинки урпактардын эскерип жүрүшүн тилейт элек.  Ушул жерде музей бар. Ичине кирип зээнибиз кейиди. Апрель окуясына 10-жыл болду. Ошого карата тазалап койсо болмок. Сүрөттөр жерде чачылып жатат. Алмазбек Атамбаевдин убагында баары орду менен турчу, арбакты сыйлап аткаруу бийлиги азыр ирээтке келтирип турушу керек деп ойлойм. Бул биздин парзыбыз»-деди Борбукеева.

 

Эске салсак, 2019-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев Арашан айылынын мечитиндеги айт намазга катышкан. Намаздан кийин Алмазбек Атамбаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылдын Апрель революциясынын курмандарын эскерип, куран окуган болчу.