23.05.2020 16:13

ЖАМК: Арпачиевге карата мунапыс колдонулган эмес

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурунку башчысы Кылычбек Арпачиев Москва районунун Беловодск айылындагы №45 жатак абакта жаза өтөп жатат. Анын дагы 3 жыл 29 күнү бар. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын сайтында жарыяланды.

Кылычбек Арпачиевге карата козголгон иш коррупция беренесинен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесине которулуп, мунапыс менен бошотулганы тууралуу парламенттин 21-майдагы жыйынында Башкы прокуратуранын 2019-жылдагы ишинин отчётун угуу учурунда  депутат Айнуру Алтыбаева билдирген.

Мекеменин маалыматына ылайык, Арпачиев 2016-жылы эки инстанциянын чечими менен пара талап кылууга күнөөлүү деп табылган. Ал мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн тартиптеги абакка 14 жылга кесилген эле.

«Жаңы мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу 2019-жылы Арпачиевдин кылмыш иши кайра каралып, Бишкек шаардык сотунун аныктамасы менен 2016-жылы Биринчи май райондук соту жана Бишкек шаардык соту чыгарган өкүм өзгөртүлгөн. Анын иш-аракети Кылмыш-жаза кодексиндеги (эски редакция) 326-берененин (опузалап пара талап кылуу) 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна өзгөртүлүп, жаза мөөнөтү 10 жыл деп белгиленген.

Соттолуучудан түшкөн арыздын негизинде Арпачиевди жатак абакка которуу сунушталган. Бирок 2019-жылы 6-апрелде ЖАМКтын атайын комиссиясы баш тарткан. Баш тартууга мыйзамдуу негиздер жок болгондуктан 2019-жылы 17-июлда атайын комиссия Арпачиевди №45 жатак абакка которулган. Бүгүнкү күндө ал аталган мекемеде жаза өтөп жатат. Арпачиевге карата мунапыс колдонулган эмес», – деп айтылат маалыматта.

Арпачиев 2015-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун ишин жабыш үчүн уулунан 100 миң доллар пара талап кылган деген айып менен камакка алынган.