11.05.2020 14:09

Саясий туткундарды коронавирус тооруду. КСДП №1 тергөө абагы менен ЖАМКдагы күнөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылууда

Саясий туткундарды коронавирус тооруду. КСДП №1 тергөө абагы менен ЖАМКдагы күнөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылууда

Бүгүн, 11-майда Канат Сагымбаевдин жана №1 тергөө абагындагы бир катар айыпталуучулардын ооруп жатканына жана ошондой эле №1 тергөө абагында кызматкерден коронавирус аныкталганына байланыштуу Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы билдирүү таратты. 

Билдирүү текстин толугу менен сунуштайбыз:

КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын чындыкка дал келбеген билдирүүлөрүнө карабастан, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев №1 тергөө абагынын кызматкерлеринин бирөөнөн алынган тесттен коронавирус аныкталганы тууралуу маалыматты тастыктады.

Эске салсак, №1 тергөө абагында коронавирус жуктурган боюнча алгачкылардан болуп мамлекеттик органдар эмес, укук коргоочулар айтып чыгышкан.  "Өзгөчө кырдаал жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 6-беренесине ылайык, жарыялоо принциптерин жетекчилик алышы керек. №1 тергөө изоляторунун жетекчилиги тергөө абагындагы коронавирус жуктуруу учурун жашырууну туура көргөн, анын жыйынтыгында бүгүнкү күндө тергөө абагынын коронавирусту жуктурган кызматкери менен байланышкан ондогон адамдар аныкталууда.

№1 тергөө абагынын жетекчилигинин укук коргоо уюмдары айтып чыккан күнү 6-майда жуктуруу фактысы катталганын мойнуна алгасы келбегени, жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги жуктуруу фактысын жашырган жана шектүүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн тийиштүү чара көрүү чечимин кабыл алган эмес- деп эсептөөгө толук укук берет. 

КСДП катчылыгы Сапар Исаковго дагы коронавирус жуккан болушу мүмкүн деп божомолдойт. Сапар Исаковду №1 тергөө абагында эки күн болгондон кийин Петровкадагы колонияга которулганы шек жаратат жана таң калычтуу жагы ага жактоочулары менен жолукканга  тыюу салып жатышат. Сапар Исаков катышкан соттук териштирүүлөр борбор калаада өткөнүнө карабай, аны алыскы айылдагы колонияга шашылыш түрдө которууга жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилигинде эмне зарылчылык болду?

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы ЖАМК жана №1 тергөө абагынын жетекчилигинин аракеттери Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучу катары өтүп жаткан Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын жана биздин партиялаштарга коронавирусту жуктуруу максаты көздөлүп жатканынан кабар берет. 

Биринчиден, өзгөчө абал режими убагында Кой-Таш окуясы боюнча иш токтотулган эмес.

Экинчиден, КР өкмөтүнүн аралыкты сактоо эрежелери боюнча сунуштарына карабастан, биздин партиянын мүчөлөрү мыйзамга каршы келген соттук териштирүүлөр убагында коронавирустан коргонуу каражаттары жок – маска, дезинфекциялоочу каражаттар, кол каптары жок -40 адам сот имаратынын тар бөлмөсүндө отурушат.

Көптөгөн көрүнүктүү саясий ишмерлер жана КСДП партиясынын мүчөлөрү өмүргө кооптуу делген коронавирус илдетин жугузуп алуу коркунучуна кептелишти. Чыгаан мамлекеттик ишмер, КР президентинин аппаратынын мурунку башчысы жана КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Жээнбековдордун Кыргызстанда үй-бүлөлүк-кландык режимин орнотуусуна каршы чыккан Фарид Ниязовдун карылыгы жетип калган. Бул себептүү коронавируска туруштук бере албай калышы ыктымал. №1 тергөө абагында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев дагы отурат. Ал эл алдында Асылбек Жээнбековду ачык сындаганы үчүн темир торго камалган. УКМКнын мурунку кызматкери Канат Сагынбаев №1-тергөө абагына мыйзамсыз камалган жана 7-8-августтагы экс-президенттин Кой-Таштагы резиденциясына болгон мыйзамсыз  чабуул маалында өзүнүн кызматтык милдетин аткаргандыгы үчүн куугунтукталууда. №1-тергөө абагында жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана саясий туткун Равшан Жээнбековго ЖАМКтын жетекчилиги жада калса үй-бүлөсү менен кат алышууга тыюуу салган.

Ошондой эле КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын документтерин колуна берише элек. Өзгөчө кырдаал режиминде ал жашаган жеринен документи жок сырткары чыга албайт. Ошол эле маалда коронавирус илдетин жугузуп алуу коркунучуна карабастан соттук отурумдарга катышууга милдеттендирилген.  

Коронавирус пандемиясы күч алып турганда, КР Жогорку Сотунун тыюуусуна карабастан, Кой-Таш окуясы боюнча мыйзамсыз соттук отурумдарды өткөрүү бүткүл мамлекетке жана өлкөнүн коомчулугуна коркунуч жаратууда. Соттун тар бөлмөрүндө мыйзамсыз соттук териштирүүлөр маалында социалдык аралыкты судьялар, мамлекеттик айыптоочулар жана ЖАМКтын кызматкерлери сакташкан жок.

Ал эми үй камагында отурган КР Жогорку Кеңешинин депутаттары КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина жана КСДП партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Асель Кодуранова соттук отурумдарга катышууда. Ошол эле учурда алар парламенттин дагы ишине катышууга аргасыз: пленардык отурумдарга катышып, жогорку кызматтагылар жана жогорку аткаруу бийлигинин өкүлдөрү менен жолугуп туруусу абзел. ЖАМК №1-тергөө абагындагы коронавирус жуктуруу учурун жашырып койгонун эске алганда,  аталган мамлекеттик кызматтын жетекчилиги өлкөнүн бардык башчылыгын илдетти жуктуруу тобокелдигине кептеди.

Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, пандемия учурунда өкмөттөр  гумандуулукка таянып, айыпталуучулардын жана камактагылардын тагдырын жеңилдетиш үчүн күнөөсү далилденбегендерге жеңилдиктерди берүүдө. Бирок Кыргызстандын бийлиги өзгөчө абал режимин өзүнүн саясий оппоненттеринен өч алууга колдонууда.

Кыргызстандын социал-демократтар партиясы талап кылат:
1) Баардык саясий туткундарды, өзгөчө сотто күнөөсү далилденбегендерди үй камагына бошотуу. 
2) Сапар Исаковго жактоочуларды жолугуштуруу, ошондой эле Сапар Исаковдун коронавируска тапшырган тесттинин жыйынтыгын коомчулукка жарыялоо.
3) ЖАМК жана №1 тергөө абагынын саясий туткундар кармалып турган тергөө изоляторуна вирустун кирүүсүнө жол берген тишелүү адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу. 
4) Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарыялаган пандемия учурунда соттук отурумдарды өткөрүүгө тыюу салуу. 
5) Өзгөчө абал режимине карабастан, Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүлөрдү өткөрүүгө жол берген, тиешелүү адамдарга карата кызматтык иликтөө жүргүзүп жана мыйзам чегинде жазага тартуу