22.05.2020 14:29

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абалы кескин начарлады

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абалы кескин начарлады

Бүгүн, 22-майда Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу кескин начарлап, өзүн абдан начар сезүүдө. Бул тууралуу мурунку мамлекет башчынын кенже уулу Кадыр Атамбаев билдирди.

Маалыматка караганда, экс-президент жубайы жана балдары менен айнек терезе аркылуу көрүшүүгө аргасыз. Болбосо ар биринин колунда коронавирус жок экенидигин күбөлөндүргөн справкалары бар.

“Алмазбек Атамбаевдин айтканына караганда, ага болуп көрбөгөндөй моралдык кысым көрсөтүлүүдө. Ал ден соолугун айтып, арызданбайт. Бул анын принциптерине туура келбейт. Муну жакшы билген Жээнбеков жана Опумбаев  сымал бийликтегилер Атамбаевдин жашоосундагы эң негизги үй-бүлөсү менен өткөрө турчу эң кымбат убактысын алып жатышат”, - деп билдирет  Кадыр Атамбаев.

Айтымында, бийликтегилер Атамбаевди өз үй-бүлөсүнөн обочологону менен, Кой-Таш окуясы боюнча ондогон адамдардын катышуусунда өтүп жаткан соттук процесстерге катышууга аргасыз кылууда.

Белгилей кетсек, 14-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын 15-июльга чейин узарткан. 

Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анын алкагында 14 кишиге айып тагылган. Алардын катарында мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбеку Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев жана Фархат Баабиев бар.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси боюнча айып тагылган:

39 («Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу»);

355 («Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу же коркутуу»);

337 («Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук жаратуу»);

244 («Адамдарды барымтага алуу»);

264 («Массалык башаламандык»);

130 («Киши өлтүрүү»);

130 жана 39 («Киши өлтүрүүгө аракет кылуу»);

253 («Курал-жаракты мыйзамсыз айлантуу»);

257 («Ок атуучу курал-жаракты уурдоо»);

338 («Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу күч колдонуу же коркутуу») беренелери.