11.05.2020 12:32

Мындан ары сот отурумунда Алмазбек Атамбаев башка айыпталуучулар менен чогу «аквариумда» отурат

Мындан ары сот отурумунда Алмазбек Атамбаев башка айыпталуучулар менен чогу «аквариумда» отурат

Бүгүн, 11-майда калаанын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум орун алды.

Соттук териштирүү учурунда прокурорлор сот отурумунун жүрүшүндө Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев башка айыпталуучулар менен бирге «аквариумда» (айыпталуучулар үчүн айнек менен тосулган орун) отуруусун өтүнүштү. Ал буга чейин жактоочулар менен бирге отурган.

Судья прокурорлордун өтүнүчүн канааттандырды. Чечим кийинки сот отурумунан тартып күчүнө кирет. Эске салсак, ал 18-майда өтөт.

Эске салсак, окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Алардын катарында мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбеку Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев жана Фархат Баабиев бар. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.