25.05.2020 14:17

УКМК: Атамбаевдин саламаттыгы туруктуу

УКМК: Атамбаевдин саламаттыгы туруктуу

Учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу туруктуу. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Атамбаев ооруп жатканы боюнча даттанган жок.

«Алмазбек Атамбаев медициналык кароодон өткөрүүгө муктаж эмес. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө», -деп айтылат УКМК маалыматында.

Эске салсак, бүгүн жактоочу Сергей Слесарев Атамбаевдин ден соолугу начарлап, кан басымы кескин төмөндөп кеткенин билдирген болчу.