18.05.2020 12:01

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму кайра жылдырылды

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму кайра жылдырылды

Бүгүн,18-майда калаанын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги соттук отурум белгиленген.

Кундуз Жолдубаеванын айтымында, ден солугуна байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин жана айрым жактоочулардын сотко келбегенине карата кезектеги процесс жылдырылды.

«Үй камагына эки айга белгиленген айыпталуучлурдын жаза чарасы узартылды.  Мындан тышкары, жактоочу тарап Бишкектеги №1 тергөө изоляторунда жаткандарга карата баш коргоо чарасын өзгөртүү менен кайрылышты. Аларга карата мурдагы бөгөт чарасы калтырылды », - деди Жолдубаева.

Ирина Карамушкинин адвокаты Александр Типеров «Апрелге» билдиргендей, кылмыш иши боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү бүттү, ага эки ай берилген.  Ошондуктан сот процесси учурунда аны дагы эки айга - 18-июлга чейин узартуу чечими кабыл алынды.

Соттук териштирүү аяктагандан кийин белгисиз бир аял Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына карата чуу чыгарып, чагымчыл аракет жасоого аракет кылды, андан соң чыгып кетти.  

Кийинки соттук териштирүү 25-майда саат 10:00 өтөт.