18.05.2020 11:16

Биринчи май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулду

Биринчи май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулду

Бүгүн,18-майда Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум пландалган.

Сот имаратынын алдына Кыргызстандын эск-президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары иш боюнча өтүп жаткан айыпталуучуларды колдоо максатында чогулушту. Алар саясий туткундарды бошотууну талап кылып, колдоруна плакат кармап турушат.

Алмазбек Атамбаевди колдоп жубайы Раиса Атамбаева, уулдары Сеид жана Кадыр жана ошондой эле КСДП мүчөлөрү келишкен.

КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков «Апрелге» билдиргендей плакаттарды тарапташтар өзүлөрү жасап келишкен.

«Тарапташтар Кой-Таш окуясы боюнча камалган саясий туткундарды бошотууну талап кылып жатышат. Мындан сырткары колдорундагы жазууларда: «Асылбек Жээнбековду, Раим Матраимовду, Сооронбай Жээнбековду камакка отургузуу талабы жазылган. Бул процесс саясатташып жатканы жалпыга белгилүү», - деди Султанбеков.

Эске салсак, Кой-Таш окуясы боюнча өткөн сот отурумунда УКМК 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев сөз сүйлөгөн. Ал ооруп жатканын айтып, ага карата эч кандай медициналык чаралар көрүлбөй жатканын билдирген. Мындан сырткары Сагымбаевдин айтымында анын жанында чогу бир камерада жаткан 13 адам ооруп жатат.

Кийин бул маалымат тастыкталган. №1 тергөө абагынын жана №27 колониянын төрт кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирген. Кече кечинде бул кабарды биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов да тастыктады.