14.05.2020 14:55

Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы 15-июльга чейин узартылды

Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы 15-июльга чейин узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын 15-июльга чейин узартты.  Бул тууралуу “Апрель” редакциясына адвокат Сергей Слесарев билдирди.

«Сот Атамбаевдин ден соолугуна, мыйзамга, адилеттүүлүккө, Кыргыз Республикасынын экс-президентин камакка алуу боюнча бир дагы негиз жок болгон иштин материалына  көңүл бурган жок», - деп белгилейт Слесарев.

Юрист мындай кырдаалда Алмазбек Атамбаевге жок дегенде үй-бүлө мүчөлөрү менен тез-тезден жолугуп турууга мүмкүнчүлүк беришет деген ниетте.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев жубайы жана балдары менен жолугуу өтүнүчүн судьяга жөнөткөн. Бирок ал азыр кара элек.