17.05.2020 10:12

 Кыргызстанда энелер күнү. Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосу

 Кыргызстанда энелер күнү. Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосу

Экс-Президент Алмазбек Атамбаев Энелер Күнү менен куттуктуктоосун жөнөткөн. Куттуктоо сөзүн толук келтиребиз:

Урматтуу Кыргызстандын айымдары, чын дилимден сиздерди Энелер Күнү менен куттуктайм!

Энелерибизге ар бирибиз таазим этүүгө милдеттүүбүз. Апалардын көйгөйүнө көбүрөөк көңүл буруп, эненин кадыр-баркын көтөрүү үчүн мен өз убагында май айынын үчүнчү жекшембисин Энелер күнү деп эсептөө демилгесин көтөргөм.

Биздин энелерибиз дайыма эсибизде болушу керек.  Азыр апалар өлкөдөгү каатчылык абалына байланыштуу уул-кызын ойлоп, тынчсызданып турган кези.

Сиздерге таазим кылам! Кыргыз апалары үчүн, жалпы эл үчүн жаркын жашоо келет! Майрамыңыздар менен! Ден соолук,  чыдамкайлык жана кыйынчылыктан өтүүгө күч кубат каалайм!