11.05.2020 10:38

Кой-Таш окуясы: Соттук отурум экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өтүп жатат

Кой-Таш окуясы: Соттук отурум экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өтүп жатат

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум башталды. Соттук отурум бүгүн, 11-майга пландалган. Айыпталуучулар №1 тергөө абагынан жана УКМК тергөө абагынан алынып келинди. Сот залында иш боюнча өтүп жаткандар арасында экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы бар. Ошондой эле райондук соттун имаратына шектүүлөрдүн жакындары чогулду.

 

Эске салсак, окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Алардын катарында мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбеку Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев жана Фархат Баабиев бар. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси боюнча айып тагылган:

• 39 («Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу»);

• 355 («Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу же коркутуу»);

• 337 («Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук жаратуу»);

• 244 («Адамдарды барымтага алуу»);

• 264 («Массалык башаламандык»);

• 130 («Киши өлтүрүү»);

• 130 жана 39 («Киши өлтүрүүгө аракет кылуу»);

• 253 («Курал-жаракты мыйзамсыз айлантуу»);

• 257 («Ок атуучу курал-жаракты уурдоо»);

• 338 («Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу күч колдонуу же коркутуу») беренелери.