12.10.2018 10:19

Өткөн сутка ичинде өлкөдө 10 өрт кырсыгы катталды

Өткөн сутка ичинде өлкөдө 10 өрт кырсыгы катталды

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы. 

Маалыматка караганда, алардын төртөө Бишкек шаарында катталган. Ал эми, Жалал-Абад облусунда -2, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда -2, Талас облусунда- 1 өрт чыгуу учуру аныкталган.

Токтоло кетсек, 2018-жылдын 11-октябрь күнү саат 16:25те Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын Кара-Балта көчөсү №4 дарегиндеги эски заводдун аймагында аянты 300 чарчы метр эски линолеум жана эски противогаздар күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт саат 17:04тө чектөөгө алынып, саат 18:25те толук өчүрүлгөн. Өрт электр ширеттүү иштеринде өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан.

Ал эми, 2018-жылдын 11-октябрь күнү саат 12:16да Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Благовещенко айылынын Шемоев көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 48 чарчы метр чатыры, 250 түк беде жана 600 түк саман күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 2  бөлүм тартылып, өрт саат 15:21де чектөөгө алынып, саат 15:40та толук өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.