10-апрелде Бишкектин айрым аймактарында таза суу жок болот
10-апрель күнү саат 9:00дон 19:00го чейин айрым райондорго таза суу берүү токтотулат. Бул туурасында «Бишкексууканал» ишканасынан билдиришти.
Өчүрүүлөр «Северный» суу топтомунда жүрүүчү ондоп-түзөө иштерине байланыштуу. Суу Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрү жана Ала-Арча суусу менен чектешкен аймакта, ошондой эле:
- «Красный строитель» шаарчасында;
- «Көлмө», «Ак-Тилек», “Алтын-Бешик”, “Саламалик” конуштарында;
- №18, 33, 35 орто мектептерде, №12 бала бакчада;
- Пакистан элчилигинин имаратында;
- «Бишкекжылуулуккоммунэнергонун» Васильев, Жаш Гвардия, Урицкий көчөлөрүндөгү от казандары жайгашкан жайында;
- автовокзалдар менен автостанциялардын Чүй бирикмесинде ;
- Улуттук Гвардиянын Краснодонцев көчөсү, 24 дарегиндеги башкы кеңсесинде;
- «Электросила» ЖЧКсында;
-шаардык кургак учукка каршы ооруканада;
- Аскер комиссариаты А/б 41069;
- КР ИА биотехнология институтунда;
- «Химический завод» менчик ишканасында;
- “Бишкексууканалынын” атайын автобазасында;
- Фере көчөсүндөгү «Бишкектурбазасы» туркомплексинде өчүрүлөт.
«Бишкексууканал»башкармалыгы келтирген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты жана уюмдарды таза суу камылгасын көрүүгө чакырат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: