11 бейтап гемодиализ маселесинин чечилишин күтпөй, каза тапты

11 бейтап гемодиализ маселесинин чечилишин күтпөй, каза тапты

Гемодиализге муктаж бардык 120 бейтап учурда ММК (милдеттүү медициналык камсыздандыруу)  фонду аркылуу жеңилдетилген баадагы кызмат көрсөтүүлөрдөн колдонуп жатышат. Анын негизинде, бүгүнкү күнгө карата гемодиализ аппаратына кезек күткөндөр жок. Бирок, 11 бейтап маселенин чечилишин күтпөй, каза тапты. Бул туурасында бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

ММК фондунун төрагасы Марат Калиевдин маалыматына караганда,  бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн өкмөт кошумча 68 млн. сом каражат бөлгөн. 

"Биз 9 жеке менчик медициналык кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишим түзгөнбүз. 3 күндүн ичинде 80ден ашык бейтап жашоо үчүн абдан керектүү бул кызматтан колдонушту. Буга чейин биздин фонддо 500дөн ашыгыраак оорулуулар бар болчу, эми өкмөт берген кошумча акчанын арты менен дагы жаңы бейтаптар кошулду", -дейт Калиев. 

Буга чейин 120 бейтаптын  гемодиализге кезек күтүп, кыйналып жаткандары белгилүү болгон. Бул медициналык кызматтын баасы кымбат болгондуктан,  бардык эле бейтаптардын өз чөнтөгүнөн дарыланууга  чамасы жете бербейт.