04.05.2020 11:53

11-майдан тартып коомдук транспорт иштей баштайт. Иштөө тартиби кандай болот?

11-майдан тартып коомдук транспорт иштей баштайт. Иштөө тартиби кандай болот?

11-майдан тартып автобус,  троллейбусы жана «Тулпар» командасы ишин жандантат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Машруткалардан башка коомдук транспорт саат 7.00дөн 20.00гө чейин санитардык коопсуздук эрежелерин карманып катташат.

 “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” медицина кызматкерлерин, милиционерлерди жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин ташууну улантууда.

Ошондой эле мэрия, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын” кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө жардам көрсөткөн. Жалпы 136 үй-бүлө көмөк алышкан. Өткөн аптада 109 кызматкерге жардам таратылды.  

Мэр Азиз Суракматовдун таршырмасы менен бюджеттен автобус жана троллейбус айдоочуларына айлык үчүн 12 миллион сом бөлүнгөн.