14.11.2019 10:22

120 жащик мандарин, 28 тонна көмүр. Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келаткан товарлар аныкталды

120 жащик мандарин, 28 тонна көмүр. Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келаткан товарлар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөгө бир катар товарларды мыйзамсыз киргизүү аракеттерине бөгөт коюшту. Алардын арасында мандарин, көмүр, балык, күйүүчү-майлоочу май жана башкалар бар. 

Атап айтканда, «Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктунан тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 120 ящик мандарин,  28 тонна көмүр, 415 даана болот ванна жана поддондорду ташып келаткан унаалар кармалды.

«Чалдовар» контролдук-өткөрмө пунктунда Россиядан ташылып келаткан 326 даана катапол чатыры аныкталды. Айдоочуда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон. 

«Ак Жол» постунан 1050 кг тоңдурулган балык кармалган, айдоочуда товарды алып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкатынын мөөнөтү өтүп кеткен.

«Чоң-Капка» постунан автомашина бортунда көмүрдүн астынан 1370 литр күйүүчү май (дизель отунун), 1582391,07 сомго 2267 даана бөлмө эшиктерин, ошондой эле 15,2 тонна жана 10,1 тонна үй буюмдары деп көрсөтүлгөн күмөндүү жүк алып бара жаткан 2 авто унаа кармалган. Ошол эле посттон  тактай материалдар менен 12 авто унаа кармалган. Ал эми айдоочуларда ташылып келинген жүктүн эсеп-фактурасы болгон эмес.

Ошол эле жерден ар бири 27 тонна улпак алып келе жаткан 2 авто унаа жана 31042 АКШ доллары суммасында 545 даана тиричилик электр жылыткычтарын алып келе жаткан унаа кармалган. Бардык айдоочулардын салык органдарынан эч кандай маалымкат болгон эмес.