05.03.2018 12:58

135 миңден ашык жаран Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

135 миңден ашык жаран Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

2018-жылдын 5-мартына карата 135 миң 716 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Анын ичинен 37миң 783 юридикалык жак, 69 миң 951 жеке ишкер, 20 миң 384 жеке жак, 3 миң 883 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 3715 мамлекеттик жана муниципалдык кызмакерлер. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.