14.05.2021 10:17

Чүй облусунда саламаттык сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармагында 12 объект аяктап колдонууга берилди

Чүй облусунда саламаттык сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармагында 12 объект аяктап колдонууга берилди

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу ишке ашырып келген КРнын Өкмөтү,  Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам Өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланган “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Чүй облусунда 6 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) жана эки спорттук зал эксплуатацияга берилди.Ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты оңдолуп, маданият үйү, 2 мектеп, бала бакча жана Кара-Балта дарыясындагы башкы курулуш ремонттолду.

Баардыгы болуп  2020-жылы саламаттык сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармагында 12 объекти аяктап колдонууга берилди.

“Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Кемин  районунда 100 орундук бала бакча, 100 орундук башталгыч класстар мектеби жана канализация системасын тазалоочу жай салынды.  

Панфилов  районунда   2 канал ремонттолуп, 50 орундук 3 бала бакча курулду жана үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулду.

Жайыл районунда   50 жана 100 орундуу 2 бала бакча салынып, реанимациялык бөлүмдүн кошумча имараты оңдолду. Жайыл районундагы Бириккен аймактык оорукананын имаратынын кире бериши жана кабыл алуу бөлүмүнүн эстакадасы ремонттолду. Жыйынтыгына 40 000 жаран үчүн жакшыртылган социалдык инфраструктура жана ирригациялык система жеткиликтүү болду.

“Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет.

Долбоордун максаты – жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктарда аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу.Долбоордун бюджети 11 млн. АКШ долл.

Айылдык кеңештердин депутаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында долбоордун алкагында агро азык-түлүк рыногун жакшыртуу, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу деңгээлинде тейлөө көрсөтүү жана сугат суусун жеткирүү боюнча тренингдер өттү. Объекти курулган ар бир айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана активисттеринен турган монторинг жана тескөө боюнча топтор түзүлдү.