14.02.2019 11:52

Он сегиз миллиондук доо. Октябрь райондук сотунда үч саясатчынын арызы боюнча 2-соттук отурум өтөт

Он сегиз миллиондук доо. Октябрь райондук сотунда үч саясатчынын арызы боюнча 2-соттук отурум өтөт

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда эртең, 15-февралда, саат 10:00дө «Апрель» телеканалынын жана экс-президенттин үстүнөн берилген доо арызды кароо боюнча экинчи отурум өтөт. 

Алгачкы соттук отурум 30-январда болуп, анда судья Альбина Жээнбекова жоопкер тарапты арыз менен тааныштырып, доочулардын соттошуу ниетинен кайта электигин тактаган. 

Доогер тараптын өкүлү Динара Ашымова арызды кайтарып албай турганын билдирүү менен, кийинки отурумга Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев өзүлөрү катыша турганын маалымдаган эле.  

«Апрель» телеканалынын жана экс-президент Атамбаевдин жактоочулары доо арызда коюлган айыптар менен макул эместигин айтышып, өз чындыгын коргоо үчүн соттошууга даяр экендиктерин билдиришкен. Белгилей кетүүчү жагдай, алгач доо арыз «Апрель» телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложниковдун атына берилсе, кийин жооп берүүчү катары «Апрель» телеканалы көрсөтүлгөнү аныкталган. 

Эскерте кетсек, мурунку саясатчылар Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий  Ложниковдун үстүнөн сотко арызданып, ар биринен 9 миллиондон өндүрүп берүүнү суранышкан. Алардын нааразычылыгына  - экс-президенттин 10-декабрда «Апрель» телеканалына маек берип жатып, бул адамдар тууралуу айткан сөздөрү себеп болгон.