14.02.2020 12:04

Азимбек Бекназаров элчилик кызматка Малайзияга аттанды

Азимбек Бекназаров элчилик кызматка Малайзияга аттанды

Азимбек Бекназаров Малайзияга сапар тартты. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров өзүнүн Facebook-баракчасына жазып, сүрөтүн жүктөдү.

Ал атасынын Кыргызстан менен Малайзиянын мамилесине өзгөрүүлөр алып келерине ишенимин билдирет.

«Атамдын мүнөзүн жакшы билем. Эс алуу эмес, эки өлкөнүн мамилесинде, катташында, алыш-беришинде өзгөрүү сөзсүз болот. Биздин үй-бүлө канчалаган сыноодон өттүк. Биз сынбадык жана сынбайбыз. Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат», — дейт ал.

Эске салсак, Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 26-декабрда дайындалган. Жакындале ал өлкөгө инвестиция тартуу анын жоопкерчилигине кирбестигин айтып, талкууга калган.