11.05.2020 19:10

КСДПнын президентке кайрылуусу: Бардык сотторду токтотууну жана саясий туткундардын бардыгын үй камагына чыгарууну талап кылабыз

КСДПнын президентке кайрылуусу: Бардык сотторду токтотууну жана саясий туткундардын бардыгын үй камагына чыгарууну талап кылабыз

Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын Саясий кеңешинин мүчөлөрү президент Сооронбай Жээнбековго, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге, Республикалык штабдын башчысы Кубатбек Бороновго жана Акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылышты.

Кайрылуунун текстин толук келтиребиз:

«Саясий оппонент КР экс-президенти, Кыргызстандын Баатыры Алмазбек Атамбаевдин инсандык кадыр-баркы басмырланып жатканы биздин өлкө башчыга жетишсиз экенин байкап туруу өкүнүчтүү.

Экс-президент макамынан мыйзамсыз ажыратуу, экс-президенттин үйүнө кылмыштуу жана кандуу чабуул кылып, жай тургундарды атып, жарандарга карата курал колдонуу ишке ашырылганы  аз келгенсип, бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын ден соолугуна орду толгус сокку уруу аракети көрүлүп жатат.

Бүт дүйнө С.Ш.Жээнбековдун мыйзамсыз иш-аракеттерине таң калууда, а Кыргызстан эли ага карата жек көрүү сезимдерин ачык билдирип жатат.

Сизден тез арада бардык сотторду токтотууну жана бардык саясий туткундарды үй камагына чыгарууну, ошондой эле экс-президенттин жана анын тарапташтарынын ден-соолугунун коопсуздлугун камсыз кылууну талап кылабыз».

КР Жогорку Кеңешинин депутаты, КСДП төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина;

КР Жогорку Кеңешинин депутаты, КСДП Саясий Кеңешинин мүчөсү Карамат Орозова;

КСДП Саясий Кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков;

КСДП Саясий Кеңешинин мүчөсү, КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты  Нурбек Касымбеков;

КСДП Саясий Кеңешинин мүчөсү, КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты  Ашэра Халикова;

КСДП Саясий Кеңешинин мүчөсү, КСДП катчылыгынын жетекчиси Таалай Усубалиев.