30.05.2020 11:48

 Бишкекте цех кызматкери 24 адамга вирус жуктурган

 Бишкекте цех кызматкери 24 адамга вирус жуктурган

Бишкек шаарында цех кызматкеринен коронавирус аныкталган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында коронавирус жугузуп алган бир кызматкерде илдеттин симптомдору билинген эмес. Ал жумушка келип, иштей берген.

“Бүгүн жаңы катталган 60 учурдун ичинен 52си байланышта болгондордун арасынан табылган. Коронавируска ишенбеген да жарандар бар, бирок бул инфекция тез убакытта жугуп, тарап кетишин эске салабыз. Мисал келтирсек, борбордогу объекттердин биринде коронавирус жугузуп алган бир кызматкерде илдеттин симптомдору билинген эмес. Ал жумушка келип, иштей берген. Тилекке каршы, кыска убакыттын ичинде аны менен байланышта болгон 60 кызматкердин 24дө вирус тастыкталган. Андан сырткары, үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы жугузган учурлар кездешүүдө. Андыктан, ар бир адамдан санитардык талаптарды так сактоого жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз”, – деди Үсөнбаев.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы коронавируска кабылгандардын саны 1772 кишиге жетти. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1113 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.