10.05.2020 13:13

Улуттук банк өлкөнүн экономикасын колдоого 5 миллиарддан ашык сом бөлөт

Улуттук банк өлкөнүн экономикасын колдоого 5 миллиарддан ашык сом бөлөт

Улуттук банк Кыргызстандын экономикасын колдоого 5 млрд 250 млн сом жөнөтөт. Бул туурасында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Тиешелүү тапшырмага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Антикризистик пландын алкагында көрсөтүлгөн каражаттардын бөлүштүрүлүшү:

  • 1 млрд сом айланма капиталга;

 • 1,5 млрд сом айыл чарбасын каржылоого;

 • 1 млрд сом микрокредиттик компанияларга;

 • 750 млн сом (“Керемет Банк” аркылуу) орто жана чакан бизнести колдоого;

 • 1 млрд сом Кепилдик фондунун уставдык фондун көбөйтүүгө.