10.05.2020 10:00

Президент Дастанбек Жумабеков жана Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту

Президент Дастанбек Жумабеков жана Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

 Жолугушууда коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча учурдагы кырдаал, өлкөнүн ишкердик активдүүлүгүн жандандыруу боюнча чаралар, постпандемия мезгилине карата артыкчылыктуу милдеттер жөнүндө пикир алмашуу болду. Элдин мындан ары дагы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кармануусу жана өлкөнүн бардык аймактарында өзгөчө кырдаал режимин сактоо зарылдыгы белгиленди.

Президент ишке тартылган мамлекеттик органдардын экономикалык кесепеттерди жеңип чыгуу, илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иштери күчөтүлгөн тартипте улантылышы керектигин баса белгиледи.