28.05.2019 18:10

150 млн. сом салыкты жашырган: «Акнет» ишканасынын директору кармалды

150 млн. сом салыкты жашырган: «Акнет» ишканасынын директору кармалды

«Акнет» ишканасынын ишин иликтөөнүн алкагында «Акнет» ЖЧКнын президенти А.К., «Строй сеть» ЖЧКнын башкы директору Б.Е. жана «Строй сеть»  ЖЧКнын бухгалтери Л.И. кармалышты. Бул туурасында ИИМден билдиришти. 

27-мартта Башкы прокуратуранын токтому менен «Акнет» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Р. Абдумажитованын арызы боюнча «Акнет» ЖЧКсынын кызмат адамдарына карата козголгон 5 кылмыш ишин иликтөө ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө 2017-жылдын ичинде «Акнет» ЖЧКсына абоненттик төлөм катары 1 000 000 000 сомдон ашык акча каражаты түшүп, бирок «Акнет» ЖЧКсы 2017-жылдын жыйынтыгы менен таза киреше катары 195 млн. сом көрсөтүп, калганын чыгашаларга кетирген.  2018-жылдын жыйынтыгы менен  абаненттик төлөмдөн 1, 2 млрд. сомдон ашык акча каражаты түшкөн.

Иликтөөнүн жүрүшүндө «Акнет» ЖЧКсы тарабынан салык мыйзамын аткарып жаткандыгына текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада ишкананын кызмат адамдары чыгашаларды негизсиз көбөйткөнү жана салыкка жалпы суммасы 150 млн. сом карызы бар экендиги такталган.

«Акнет» ЖЧКсы менен иштешкен жасалма 11 фирма аныкталган.

2016-жылдын июнь айынан баштап 2018-жылга чейин «Акнет» ЖЧКсы жасалма фирмалардын бири «Строй сеть» ЖЧКсына кызмат көрсөтүшкөндүгү үчүн 101 млн. сомдон ашык акча каражаты берилип, ал накталай алынып жана кызмат көрсөтүшкөндүгү үчүн деп эсептен чыгарышкан, бирок документалдык түрдө тастыкталган эмес.

2016-жылдын жана 2018-жылдын үч айы үчүн «Акнет» ЖЧКсы менен «Строй сеть» ЖЧКнын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлүп, «Акнет» ЖЧКсынан 14 176 173 сомдук акча каражатын мыйзамсыз эсептен чыгарган факты аныкталган.

2019-жылдын 28-май күнү КР Жазык кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 3-бөлүмүнүн 1-пунктунда (Ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же которуу, адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан) «Акнет»  ЖЧКнын ишин иликтөөнүн алкагында «Акнет»  ЖЧКнын президенти А.К., «Строй сеть» ЖЧКнын башкы директору Б.Е. жана «Строй сеть»  ЖЧКнын бухгалтери Л.И. аттуулар кармалышты. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.