16.03.2018 11:58

17-24-мартта шахмат боюнча балдар арасында Президенттик кубок өтөт

17-24-мартта шахмат боюнча балдар арасында Президенттик кубок өтөт

Балдар арасындагы шахмат боюнча Президенттин кубогу 17-мартта башталып, 24-мартта жыйынтыкталат. Мелдешти уюштурган -Кыргызстандын Шахмат  федерациясы. 

Турнир швейцариялык система боюнча 7 тур менен өтөт. Кубок жана медаль үчүн  өлкөнүн ар аймагынан келген 6 жаштан 14 жашка чейинки 250дөн ашык бала күч сынашат.   

Балдар жана кыздар арасында бардыгы болуп, 10 медаль ойнотулат.