18.05.2018 12:09

Мэрия каалоочуларды шахмат боюнча таймашка катышууга чакырат

Мэрия каалоочуларды шахмат боюнча таймашка катышууга  чакырат

Май ичи калаада шахмат сүйүүчүлөр ортосунда мелдеш өтөт. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Таймаш ар жуманын бейшемби күндөрү саат 15:00дөн 18:00гө чейин Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылганов гүлзарында өтмөкчү. 

Демилге Свердлов райондук администрациясы тарабынан көтөрүлүп, мелдешке бардык каалоочулар чакырылат: балдардан баштап, чоңдорго чейин. Айдын акыркы күнү, 31- майда жеңүүчүлөр аныкталат.