18-майда Бишкектен Ташкентке чейин "Достук" веложүрүшү уюштурулат
Эртең, 18-майда Бишкектен Ташкентке чейин "Достук" веложүрүшү башталат. Бул туурасында КР Маданият министрлигинен билдиришти.
Кыргыз жана Өзбек Республикаларынын ортосунда уюштурула турган “Достук” веложүрүшү 18-майда саат 15:30дө Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” кинотеатрынын аянтында жайгашкан нөл чакырымдан тартып башталат.
Веложүрүш “Бишкек-Ош-Анжиян-Кокон-Бухара-Самарканд-Жизак-Манас-Ташкент” каттамы боюнча уюштурулат.
Соңу Өзбек Республикасынын Ташкент шаарынын башкы почтасы бөлүмүнүн имаратынын аймагында болжолдуу белгиленген нөл чакырымында аяктайт.
Веложүрүшкө Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну, эмгектин жана спорттун ардагери Таштанов Мамыт Коноевич катышат.
Аталган иш- чара КР маданият, маалымат жана туризм министрилигинин алдындагы туризм департаменти тарабынан уюштурулууда.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: