11.12.2018 11:29

200 даана телефон, 320 жащик жүзүм. Чек арачылар аткезчини колго түшүрүштү

200 даана телефон, 320 жащик жүзүм. Чек арачылар аткезчини колго түшүрүштү

Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасында наркы 3 миллион сомдон ашык турган товарды аткезчилик жол менен алып келе жаткан кыргыз жараны кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 11-декабрда Лейлектин Сай аймагынан кыргызстандык жаран Ж.Б. УКМК жана чек ара кызматкерлери тарабынан кыргыз-тажик  чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн кармалган.

Ага тиешелүү «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасын тинтүү учурунда 200 даана «Samsung» A6 үлгүсүндөгү телефон жана 320 жащик жүзүм табылган. 

Кыргызстан жаранында бул товарга коштомо документи жок болгон. Контрабандалык жол менен алынып келаткан товардын жалпы наркы 3 миллион 200 миң сомду  түздү. 

Тиешелүү кагаздарды толтургандан кийин кармалган адам жүгү менен кошо УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.