12.06.2018 11:02

2000ге жакын студент билим алуу үчүн насыянын алгачкы траншын ала алышат

2000ге жакын студент билим алуу үчүн насыянын алгачкы траншын ала алышат

2000ге жакын студент социалдык кредиттердин алгачкы траншын ала алышат.  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет кезектеги жыйынында  “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда жактырды.  Анда жогорку билим алууда социалдык насыялардын берилиши тууралуу сөз болот, деп билдирет Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы. 

Демилгечилердин бири, депутат Аалы Карашевдин айтымында, мыйзам долбоорун биринчи окууда караган учурда айтылган сунуш – пикирлердин бардыгы эске алынды. «Башында мыйзам долбоорунда жогорку билим алууга жеңилдетилген кредиттер деп белгиленген болсо, азыркысында жалпылаштырып, жогорку билим алууга зарыл болгон социалдык кредиттер болуп  өзгөртүлдү», - деди Карашев. 

Билим алуу максатында берилүүчү насыя  адеп 500 студентке  болжолдонуп жаткан болсо, азыркы эсепте 2000 студентке ылайыкталып чыкты. Алардын муктаждыктарын жабууга алгач  3, 5 млн. сом талап кылынат.

Ошондой эле, аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, 2019-жылдын 1- январынан баштап жүзөгө ашырыла баштайт.