14.05.2018 09:50

2018-жылга садака-фитирдин өлчөмү бекитилди

2018-жылга  садака-фитирдин  өлчөмү бекитилди

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, Кыргызстан мусулмандары үчүн садака-фитирди берүүнүн, жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун тартибин бекитти. Бул туурасында муфтияттан билдиришти. 

Ага ылайык, 2018-жылы садаканын өлчөмү төмөндөгүдөй болот:

Ошондой эле, муфтият садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысын чыгарса өз ыктыяры  экенин билдирет. Бирок, бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Садака-фитр жан башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет. 

Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.