29.04.2020 14:23

Өзгөчө абал Орозо бүткөнгө чейин узартылабы? Вице-премьердин жообу

Өзгөчө абал Орозо бүткөнгө чейин узартылабы? Вице-премьердин жообу

Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “өзгөчө абал Орозо бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүнбү? Эгерде узартылса, ал тууралуу качан жарыяланат?” деген суроого жооп берди.

“Бул жөнүндө азырынча айтуу кыйын. Анткени бул маселе мамлекеттик кызматкерлерден көз каранды эмес. Ал бардык жарандардан жана эпидемиялык кырдаалдан көз каранды болот. Учурда белгиленген чектөөлөрдү карманып, өтө зарыл учур болбосо шаар ичинде жүрбөшүбүз керек. Бул биздин жарандык парзыбыз”, – деди Боронов.

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 729 кишиге жетти.

Жалпысынан республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 437 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Күн мурун, 28-апрелде өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды.