26.12.2019 17:48

24.kg маалымат агенттиги DDos-чабуулуна кабылды

24.kg маалымат агенттиги DDos-чабуулуна кабылды

24.kg маалымат агенттиги тынымсыз DDos-чабуулуна кабылууда. Бул тууралуу аталган ММК өзүнүн социалдык баракчасына билдирүү таратты.

“Биз көпкө чейин унчуккан жокбуз. Бирок сыр ачканга убакыт келди. Бир нече күндөн бери биздин сайтка DDos-чабуулу тынымсыз жасалууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат каражаты, жакынкы арада ишин кайрадан жандантаарын убадалады.

Эске салсак, мурдараак Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын кымбат баалуу кийим-кечек, асыл буюмдары тууралуу Factcheck.kg сайты чуулгандуу макала жарыялангандан кийин эки саат өтпөй DDoS-чабуулуна кабылган.  

Көп өтпөй чуулгандуу макаланы кайра басып чыгарган жети башка ЖМК ошондой эле киберчабуулга дуушар болушкан.