20.01.2020 15:31

Матраимов VS ММК: соттук отурум 29-январга жылдырылды

Матраимов VS ММК: соттук отурум 29-январга жылдырылды

Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн 24.kg, «Азаттык», Kloop ЖМКларына жана журналист Али Токтакуновго карата доо арызын кароо боюнча соттук процесс өттү. Ага судья Жылдыз Ибраимова төрагалык кылууда. 

Доогерлер — Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, анын жубайы Миновар Жумаева, Бажы кызматынын жетекчиснин мурунку орун басары Райымбек Матраимов, анын жубайы Уулкан Тургунова, ошондой эле «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук фонду.

24.kg агенттигинин өкүлү Эмил Жандаев маалымат агенттиги иликтөө жүргүзбөгөндүгүн, болгону Kloop жана «Азаттыктын» материалын жарыялаганын айтты. Буга байланыштуу 24.kg агенттиги доогердин талашты тынчтык жолу менен жөнгө салуу тууралуу сунушун угууга даяр экенин кошумчалады.

Сот 29-январга чейин тыныгуу жарыялады.

Эске салсак, 19-декабрда алгачкы жолу өткөн соттук отурумда Матраимовдордун адвокаттары журналисттик иликтөөдө келтирилген маалыматтарды, тагыраагы  айрым сүйлөмдөр менен абзацтарды сот каралып жаткан маалда таратууга тыюу салууну өтүнгөн эле.

Бирок, Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Ошондой эле судья медиация ыкмасын эске салып, тараптарды элдешип алууга чакырган. Арыздануучулардын жакточуулары медиалар материалдарын төгүндөөгө берсе гана арызын кайтарып алышарын айтышкан.

Жоопкер тараптын адвокаттары бул ишти медиация ыкмасы менен чечүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан эмес.

Эске салсак, 19-декабрдагы баштапкы жыйында доочулардын адвокаттарынын өтүнүчү менен видеого тартууга тыюу салынган.

Кеп болгон иликтөөдө Матраимовдордун Саймаити менен байланышы боюнча, алардын Дубайдагы мүлкү, Исмаил Матраимов атындагы фондго түшкөн каражаттар боюнча маалыматтар бар.

Анда аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган.